Азербайжан Армения менен кызматташууга даяр

Азербайжандын туткун, дайынсыз жана барымтадагы жарандарынан жооптуу мамлекеттик комиссия билдирүү жасады.

2102240
Азербайжан Армения менен кызматташууга даяр

Азербайжан 1-Карабах согушунда жоголгон жарандарынын тагдырын аныктоо үчүн Армения менен кызматташууга даяр экенин жарыялады.

Азербайжандын туткун, дайынсыз жана барымтадагы жарандарынан жооптуу мамлекеттик комиссиянын билдирүүсүндө, 1990-жылдардын башында 1-Карабах согушунда 3 миң 890 азербайжандык жоокер жана карапайым калктын дайынсыз жоголгондугу, алардын 25инин гана сөөгүнүн аныкталганы белгиленди.

Армениянын тиешелүү мекемесинин аскердик операцияларда дайынсыз жоголгон адамдардын тагдырын аныктоодо кызматташууга даяр экендиктерин билдиргени, мунун да Азербайжан тарабынан жылуу кабыл алынганы маалымдалып, Азербайжандын бул багыттагы аракеттерди бириктирүүнү жактаганы айтылды.

Билдирүүдө: «Дайынсыз жоголгон адамдарыбыздын көмүлгөн жерлерин издөө процессине 1994-жылга чейин Армениянын аскердик операцияларын жүргүзгөн, массалык көрүстөндөрдүн жерлери тууралуу жетиштүү маалыматы бар командирлер жана башка жооптуу кызматкерлер тартылышы керек. Эки тарапка тең таандык дайынсыз жоголгон адамдарды издөөдө ачык-айкындуулуктун принциптерин сактап, өз ара ишеним чөйрөсүндө Армениянын тиешелүү мекемелери менен кызматташууга даярбыз»,-деген сөздөр камтылды.

Комиссиянын билдирүүсүндө Азербайжан тараптын 2-Карабах согушунан кийин 1713, 2022-жылдын 12-14-сентябрындагы кагылышуулардан кийин 157, 2023-жылдын 19-сентябрындагы антитеррордук операциядан кийин болсо 173 сөөктү Арменияга кайтарганы да кабарланды.  



Тектеш кабарлар