Азербайжан Армения менен жүргүзүлгөн тынчтык процессинде ишенимдүү экендигин жарыялады

Кечээ  Зенгилан облусунун Коллукышлак айылы багытындагы Азербайжан  позицияларына Кафан облусунун Неркин-Анд айылы багытындагы Армения  позицияларынан ок атылып, бир азербайжан аскери жарадар болгон.

2101856
Азербайжан Армения менен жүргүзүлгөн тынчтык процессинде ишенимдүү экендигин жарыялады

Азербайжан Армения менен жүргүзүлгөн тынчтык процессинде ишенимдүү экендигин жарыялады.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта чек арада болгон чыңалуунун Армениянын провокациясына жооп мүнөзүндө экендиги белгиленди.

Билдирүүдө : «Азербайжан тынчтык процессинде ишенимдүү, Армения  тарабын бул багыттагы аракеттерди коркунучка алып келе турган аскердик чыңалуудан качууга чакырат»,-деп айтылды.

Кечээ  Зенгилан облусунун Коллукышлак айылы багытындагы Азербайжан  позицияларына Кафан облусунун Неркин-Анд айылы багытындагы Армения  позицияларынан ок атылып, бир азербайжан аскери жарадар болгон.

Азербайжан аскерлери бул абал боюнча операция жүргүзүп, Азербайжан аскерлерине ок атылган позиция жок кылынды.

Армениянын Коргоо министрлиги окуяда 4 аскердин каза болгонун жарыялап, Армениянын Тышкы иштер министрлиги Азербайжанды чек арадагы чыңалууну күчөтүү үчүн шылтоо издөө менен айыптаган.



Тектеш кабарлар