Өзбекстанда Россиянын элчиси тышкы иштер министрлигине чакырылды

Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги Россиянын Ташкенттеги элчисинин орус  саясатчы Захар Прилеринин Россиянын Өзбекстан жерлерин "аннексиялоосу" тууралуу билдирүүлөрү менен тийиштүү министрликке чакырылды.

2079736
Өзбекстанда Россиянын элчиси тышкы иштер министрлигине чакырылды

Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги Россиянын Ташкенттеги элчисинин орус  саясатчы Захар Прилеринин Россиянын Өзбекстан жерлерин "аннексиялоосу" тууралуу билдирүүлөрү менен тийиштүү министрликке чакырылды.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, жолугушууда «Адилеттүү Россия  - Чындык үчүн» партиясынын тең төрагасы Захар Прилепиндин «Россиянын Өзбекстан жерлерин аннексиялоосу» деген билдирүүсүнүн атайын жаслаган провокация экендиги жана  эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы мамилелерге терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин билдирди.

Билдирүүдө Прилепиндин билдирүүсүнүн  Өзбекстанда терең тынчсыздануу менен кабыл алынганы, Россия сыяктуу дос өлкөнүн партия жетекчилеринин мындай шашылыш билдирүүлөрүнүн Өзбекстан менен Россиянын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык рухуна туура келбегени баса белгиленди.

Элчи Малгинов да Прилединдин билдирүүлөрүнүн "дос жана көз карандысыз" Өзбекстан тууралуу Россия башкаруусунун расмий мамилесин чагылдырбагандыгын белгилеп, Россиянын тышкы иштер министрлигинин жакынкы келечекте окуя тууралуу билдирүү жасоону пландагандыгын айтты. 

Бир тараптан өзбек  депутаттар, тышкы иштер министрлигинен Россияга нота жиберилишин жана Өзбекстандын конститутциялык системасына каршы чыгуунун кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертти.

Орус саясатчысы Прилепин пресс - конференцияда Өзбекстандын жана мурдагы СССРдин курамындагы башка аймактарды Россияга кошууну сунуштаган. 

 

 



Тектеш кабарлар