Алиев вице-президент Йылмазды кабыл алды
Йылмаз менен Алиев Загулба сарайындагы жолугушууда, эки өлкөнүн ортосундагы учурдагы кызматташтыкты, жаңы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн, аймактык жана глобалдык жагдайларды талкуулашты.
Вице-президент Жевдет Йылмаз Азербайжандын президенти Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды.
Йылмаз менен Алиев Загулба сарайындагы жолугушууда, эки өлкөнүн ортосундагы учурдагы кызматташтыкты, жаңы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн, аймактык жана глобалдык жагдайларды талкуулашты.
Вице-президент Йылмаз социалдык медиа баракчасынан жолугушууга байланыштуу жасаган билдирүүсүндө: «Түрк дүйнөсүнүн кыймылдаткыч күчүн түзгөн Түркия-Азербайжан кызматташтыгы, өлкөлөрүбүздүн орток кызыкчылыктарынын негизинде интеграцияланган стратегия менен дагы да алдыга жылат. «Бир улут, эки мамлекет» урааны менен көтөрүлгөн Түркия-Азербайжан карым-катнаштарын Түркия кылымында дагы да бекемдейбиз. Жылуу жана чын ыкластуу меймандостугу үчүн урматтуу Алиевге ыраазычылык билдирип, боордош Азербайжан элине сүйүүмдү билдирем», - деди.