Казакстан менен Түркмөнстандын ортосундагы транспорт тармагында кызматташуу келишими

Астана менен Ашкабад “Кытай-Казакстан-Түркмөнстан-Иран” коридорун биргелеликте өнүктүрүү чечимин чыгарды.

2070868
Казакстан менен Түркмөнстандын ортосундагы транспорт тармагында кызматташуу келишими

Астана менен Ашкабад “Кытай-Казакстан-Түркмөнстан-Иран” коридорун биргеликте өнүктүрүү чечимин чыгарды.

Казакстандын транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сөз болуп жаткан келишим Казакстан - Түркмөнстан транспорт, транзит  жана логистиканы өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш алып баруу тобунун Ашкабатта өткөн биринчи отурумунда түзүлдү.

Казакстандын транспорт министринин орун басары Талгат Ластаев менен Түркмөнстандын министрлер кеңешине караштуу Транспорт жана байланыш агенттигинин башкы директорунун орун басары Батыр Аннаевдин жетекчилигинде  өткөн жыйында транспорт маселелери кеңири каралды.

Иш алып баруу тобу темир жол транспортунда ийкемдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү баа саясатын түзүүгө багытталган биргелешкен иш-аракеттердин оң натыйжаларына токтолуп, ишти ушул эле багытта улантуу чечимин чыгарды. 

Жыйындын акырында эки мекеме транспорт тармагында кызматташууга байланыштуу бир протокол жана меморандумга кол койду. Меморандум боюнча  эки өлкөнүн ортосунда темир жол жана деңиз транспорту тармагында кызматташуу бекемделет. Эки өлкөнүн аймактарында аткарыла турган транспорттук иш  чараларга тиешелүү тарифтер кабыл алынып, инфраструктураны өнүктүрүү жана маалымат алмашуу үчүн санариптик чечимдерди киргизүү боюнча биргелешкен чаралар көрүлөт.

Сентябрь айында Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев  өлкөсүнүн аймактык борбор болуу үчүн бардык ресурстар – инфраструктура жана логистикага ээ экендигин айткан. 

 



Тектеш кабарлар