Хикмет Гажыев : "Армения тынчтыктын тамырын тыштан издебесин"

Азербайжандын вице  - президенти Хикмет Гажыев Армениянын тынчтыктын тамырынын Вашингтон, Брюссел жа Парижде эмес Кавказия аймагында экендигин түшүнүшү керектигин айтты.

2067389
Хикмет Гажыев : "Армения тынчтыктын тамырын тыштан издебесин"

Азербайжандын вице  - президенти Хикмет Гажыев Армениянын тынчтыктын тамырынын Вашингтон, Брюссел жа Парижде эмес Кавказия аймагында экендигин түшүнүшү керектигин айтты. 

Гажыев Армения өкмөтүн "багытын аймакка бурууга жана тынчтыкты алып келүү жана олуттуу ийгиликтерге жетүү үчүн Азербайжан менен сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды. 

Гажыев : "Азербайжан жакшы ниеттүү. Өлкөбүздүн эгемендүүлүгү түзүлдү, аймакта адилеттик жана эл аралык мыйзамга таянган жаңы жана мыйзамдуу бир статус - кво түзүлдү",- деди.

2022 - жылдын  ма айында Азербайжандын тышкы иштер министрлиги Армения менен карым  - катнаштарын калыбына келтирүүнүн беш принцибин билдирген.

Булар  бири биринин эгемендүүлүгүн кабыл алуу, өз ара аймактык дооматтардын жок экендигин тастыктоо, эки мамлекеттин бири-биринеин коопсуздугуна коркунуч туудурбай тургандыгы боюнча милдеттенмелери, мамлекеттик чек араларды аныктоо, дипломатиялык мамилелердин түзүлүшү  жана транспорттук  байланыш каналдарын ачуу.

21 - ноябрда Азербайжандын тышкы иштер министрлиги Арменияга эки өлкөнүн биргелешкен чек арасында тынчтык процесси тууралуу сүйлөшүүнү сунуш кылды. Министрликтин өкүлдөрү сүйлөшүү талабына  Еревандын 2 жарым айдан кийин гана жооп берерин билдирди. Министрликтен : "Тынчтык сүйлөшүүлөрүндө мындай тыныгуу аймактын туруктуулугу жана бейпилдигине кызмат кылбайт",- деген билдирүү жасалды. 

 



Тектеш кабарлар