Азербайжандан Арменияга чакырык

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

2067272
Азербайжандан Арменияга чакырык

Азербайжан тынчтык келишими үчүн Арменияны түздөн-түз эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта, Азербайжандын тынчтык келишими долбооруна байланыштуу сунуштарына Армениянын жооп беришинин болжол менен 2,5 айга созулушунун процессти олуттуу түрдө кечеңдеткени кабарланды.

Тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү токтоп калуунун аймактагы ырааттуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө салым кошпогону белгиленген билдирүүдө: «Азербайжан тынчтык келишимин мүмкүн болушунча тезирээк түзүү үчүн Армения менен түздөн-түз эки тараптуу сүйлөшүүлөргө даяр. Биз эки өлкөнүн келечектеги мамилелерин чогуу чечиши керек деп эсептейбиз»- деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө эки өлкөнүн тынчтык жараянын улантуу, анын ичинде өз ара алгылыктуу жерди тандоо же чек арада жолугушуу өткөрүү чечимин кабыл алуу үчүн жооптуу экени айтылып: «Армян тарапты жаңы керексиз кечиктирүүлөргө жол бербөөгө чакырабыз жана сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунча тезирээк баштоо үчүн бул чакырыкка оң жооп берерин үмүт кылабыз» деп маалымдалды.

Армениянын Тышкы иштер министрлиги, Азербайжандын тынчтык келишими долбооруна 2,5 айга созулган кечигүү менен жооп берген.



Тектеш кабарлар