Түрк Мамлекеттери Уюмунун саммити

Түрк Мамлекеттер Уюмунун  мамлекет башчыларынын 10 - саммити Казакстандын борбор шаары Астанада өтүүдө.

2059817
Түрк Мамлекеттери Уюмунун саммити

Түрк Мамлекеттер Уюмунун  (ТМУ) мамлекет башчыларынын 10 - саммити Казакстандын борбор шаары Астанада өтүүдө.

Негизделишинин  10 -  жылын белгилеген уюм бул жолу "Түрк доору" деген темада чогулду. 

Орток тарыхый жана маданий баалуулуктарга ээ түрк мамлекеттери чогулуу менен түзүлгөн Түрк Мамлекеттер Уюму түрк дүйнөсүн бириктирүүнү максат кылып, мүчө өлкөлөр менен экономикадан саясатка, маданияттан туризмге, билим берүүдөн спортко  чейин түрдүү тармактарда кызматташуу пайдубалын түзүүгө карата иштерди жүргүзүүдө. 

Казакстандын борбор шаары Астанада 10 - жолу чогулган Түрк Мамлекеттер Уюмунун саммитине Түркиянын атынан президент Режеп Таййип Эрдоган катышууда.

Саммиттин негизги темасы «Түрк доору» деп белгиленди. Саммитте   уюмдун күн тартиби талкууланып, лидерлердин бир катар маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл ала турган жана экономика, соода, транспорт  жана бажы  тармактарындагы Түрк Мамлекеттер Уюмунун долбоорлоруна байланыштуу түрдүү  келишимдерди жана расмий документтерди жыйынтыктай турган  жогорку деңгээлдеги платформа түзүүнү максат кылууда. 

Уюмдун кезектешкен башкаруучулугу Өзбекстандан Казактанга өтө турган саммиттин программасынын жабылышында мамлекет башчылары бир нече чечим менен бирге Астана актысына жана Астана саммитинин билдирүүсүнө кол коюшат. 

Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия 2009 - жылы 3 - октябрда кол койгон Нахчыван келишими менен түзүлгөн Tүрк Мамлекеттер Уюму  14 жылда болжол менен 5 миллион чарчы километр жери менен түрк дүйнөсүнүн геосаясий абалын бекемдеген  эл аралык уюмга айланды. 

2021 - жылдын 12 - ноябрында Стамбулда өткөн лидерлердин  8 - саммитинде Түрк кеңешинин аталышы «Түрк мамлекеттер уюму» деп өзгөртүлдү. 2019 - жылы Баку саммитинде Өзбекстандын катышуусу менен мүчө саны 5ке жеткен Түрк Мамлекеттер Уюмуна Түркмөнстан, Венгрия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы  «байкоочу» катары кирген.

Баш кеңсеси  Стамбулда жайгашкан Түрк Мамлекеттер Уюму БУУ баш болгон Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму жана Дүйнөлүк бажы уюму сыяктуу көп сандаган эл аралык уюм менен да өнөктөш. 

Акыркы жолу Түркияда  6 -  февралда болгон жер титирөөлөрдөн киийн  16 -  мартта Анкарада болгон Түрк Мамлекеттер Уюмунун кезексиз саммитинде жолугушкан лидерлер Түркиянын жанында экендерин билдиришти. 

Бул саммиттен кийин кол коюлган Анкара билдирүүсүндө "апаатты башкаруу"  темасы Түрк Мамлекеттер Уюмунун жаңы кызматташуу  тармактарынын бири катары белгиленди. 

 



Тектеш кабарлар