Макрон Өзбекстанга барды

Франциядан Өзбекстанга Президенттик деңгээлдеги акыркы сапарды 30 жыл мурун, ошол кездеги лидер Франсуа Миттеранд (1994) ишке ашырган.

2059560
Макрон Өзбекстанга барды

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Борбор Азия өлкөлөрүнө сапарынын акыркы аялдамасы Өзбекстанга барды.

Франциядан Өзбекстанга Президенттик деңгээлдеги акыркы сапарды 30 жыл мурун, ошол кездеги лидер Франсуа Миттеранд (1994) ишке ашырган.

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Францияга 2 жолу – 2018 жана 2022-жылдары барган.

Француз маалымат каражаттары Макрондун Ташкенттеги жолугушууларында, эки өлкөнүн экономика жана энергетика тармагында кызматташтыгын арттыруу, француз фирмаларынын Өзбекстандагы иштерин кеңейтүү сыяктуу темаларды талкуулай турганын жазды. Учурда Өзбекстанда 30га жакын француз компаниясы бар.

Буга чейин TRT Russian телеканалы жазгандай, Франция президентинин Евробиримдик жана АКШдан тышкары «Франциянын аймактагы таасирин сактап калуу максатында» Казакстан жана Өзбекстан менен критикалык материалдарды ташууну кеңейтүү үчүн өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө ниеттенип жаткандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар