Түрк Мамлекеттери Уюму ооруканага карата кол салууну айыптады

17 - октябрда Израиль армиясы Газадагы Аль - Ахли баптист ооруканасын ракета менен аткылап, кол салууда 471 жаран каза болгон.

2053825
Түрк Мамлекеттери Уюму ооруканага карата кол салууну айыптады

Түрк Мамлекеттер Уюму Газадагы Аль  -  Ахли баптист ооруканасына жасалган жана жүздөгөн жаран каза болгон жана жараланган кол салууну катуу айыптагандыгын билдирди. 

ТМУ Газадагы Аль  -  Ахли баптист ооруканасына жасалган кол салууга байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады. 

Билдирүүдө  : "Түрк Мамлекеттер Уюму Газадагы Аль  -  Ахли баптист ооруканасына жасалган жана жүздөгөн жаран каза болгон, жараланган кол салууну катуу айыптайт. Ооруканалар жана медициналык кызматкерлердин эл аралык гуманитардык  мыйзамдын коргоосу астында экендигине байланыштуу  бекем ишенимин кайталайт",- деп айтылды. 

ТМУнун тараптарды дароо ок атышпоого чакырган билдирүүсүндө  тараптарды аймактын бардык жашоочулары үчүн эки мамлекеттүү чечимдин алкагында туруктуулук жана коопсуздукка негизделген тынчтык жол менен чечүүчү жолго багыттоого чакырды.

17 - октябрда Израиль армиясы Газадагы Аль - Ахли баптист ооруканасын ракета менен аткылап, кол салууда 471 жаран каза болгон.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7 - октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган. Газадан Израилге карай миңдеген ракета атылып, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген. 

Израиль армиясы да аскердик учактар менен Газа тилкесине "Темир кылычтар" аттуу операция баштагандыгын жарыялаган. 

Израилдин кол салуусунда 4 миңден  ашуун палестиналык каза болуп,  12 миңдан ашуун палестиналык да жаракат алды. 

 

 



Тектеш кабарлар