Эрсин Татар Бакуда

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  президенти Эрсин Татар Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту.

2050843
Эрсин Татар Бакуда

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  президенти Эрсин Татар Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту.

Азербайжандын президенттигинен берилген маалыматка караганда Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөн жолугушууда түрк дүйнөсү элдеринин тарыхый байланыштарга негизделген карым - катнаштарынын кеңейтилишинен жана элдердин арасындагы  гуманитардык, социалдык жана маданий тармактарда кызматташтыктын өнүгүшү үчүн бар болгон мүмкүнчүлүктөрдөн канааттангандары  билдирилди.

Алиев Түрк мамлекеттер уюмунун кызматташуулардын өнүктүрүлүшүндө пайдалуу платформа экендигин белгилеп, түрк дүйнөсүндөгү карым  - катнаштардын мындан ары да өнүгүшүнөн үмүт кылгандыгын билдирди.

Президент Алиев Азербайжандын ар дайым түрк дүйнөсүнүн биримдигине салым кошкондугун жана бул идеалдарга бекем турарын баса белгиледи. 

Жолугушууда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын көп убакыттан бери Ислам Кызматташтык Уюму жана Экономикалык Кызматташтык Уюмуна байкоочу мүчө экендиги эске салынып Түрк мамлекеттер уюмуна да байкоочу мүчө болушунун ылайыктуу экендиги айтылды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Татар Бакуда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Маданият жана таанытуу күндөрү иш  - чараларынын өткөрүлүшүнөн улам ыраазычылыгын билдирип Алиевге ыракмат айтты.

Туризм, илим, билим жана студент алмашуу тармактарында кызматташуу темалары каралган жолугушууда Татар Алиевге белек тапшырды. 

 



Тектеш кабарлар