Министр Фидан Азербайжанда

Тышкы иштер министрлигинин сапарга байланыштуу маалымат берди.

2048724
Министр Фидан Азербайжанда

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) Министрлер кеңешинин Шушада өтө турган 27-жыйынына катышуу үчүн Азербайжанга барды.

Тышкы иштер министрлигинин сапарга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Жыйында 2023-жылы ЭКУнун карамагындагы кызматташуунун алкагында аткарылган иштер жана анын жыйынтыктарына баа берилип, ЭКУнун күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат. Түркия ЭКУнун түзүлүүсүнө жол башчылык кылган дос жана боордош өлкөлөр менен бирге ЭКУ аймагындагы тынчтыкты, ырааттуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү арттыруу үчүн кызматташуу аракеттерине салым кошууну улантат»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар