Алиев Түштүк Кавказда тынчтыкка жетишүүнүн мезгили келгенин айтты

Алиев Грузияга болгон иш сапарынын алкагында премьер-министр Ираклий Гарибашвили менен жолугушту.

2047900
Алиев Түштүк Кавказда тынчтыкка жетишүүнүн мезгили келгенин айтты

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түштүк Кавказда тынчтыкка жетишүүнүн мезгили келгенин айтты.

Алиев Грузияга болгон иш сапарынын алкагында премьер-министр Ираклий Гарибашвили менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында Алиев Азербайжан менен Грузиянын ортосундагы карым – катнаштардын эки өлкө менен катар Түштүк Кавказ үчүн да чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

Аймакта тынчтык орной электигин белгилеген Алиев: «Түштүк Кавказда тынчтыкты камсыз кылуу мезгили келди. Грузия менен Азербайжан ар дайым бири-биринин аймактык бүтүндүгүн колдоп келген жана колдойт. Биз бардык эл аралык уюмдарда бири-бирибизди колдойбуз»,- деди.

Гарибашвили менен Армения менен Азербайжандын ортосундагы нормалдашуу процессине да токтолгондорун белгилеген Алиев, кээ бир өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын нормалдашуу процессине колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатканын айтты.

Алиев: «Биз муну жогору баалайбыз. Эгер бир жактуу жана бейкалыс болбосо, алардын ортомчулугун кабыл алабыз. Бирок тарыхый карым-катнаштарды жана географиялык факторлорду эске алганда эң жакшы тандоо Грузия болушу мүмкүн. Урматтуу премьер-министр (Гарибашвили) ортомчулук мүмкүнчүлүктөрүн ачыкка чыгарды. Биз буга даярбыз. Биз Армениядан да ушундай мамилени күтөбүз. Эгерде Армения кабыл алса, биздин тиешелүү мекемелердин жетекчилери дароо Грузияга эки тараптуу да, үч тараптуу да жолугушууларга келиши мүмкүн»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар