Түрк дүйнөсүнүн нотариустар биримдиги түзүлдү

Баш калаа Анкарада меморандумга кол коюу аземи өткөрүлдү.

2047184
Түрк дүйнөсүнүн нотариустар биримдиги түзүлдү

Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда кол коюлган меморандум менен нотариалдык процедураларды жеңилдетүү максатында Түрк дүйнөсүнүн нотариустар биримдиги түзүлдү.

Баш калаа Анкарадагы кол коюу аземине юстиция министри Йылмаз Тунч менен Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК) төрагасынын орун басары, Түрк Мамлекеттер Уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым, Түрк Мамлекеттер Уюмунун баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Казакстан Республикасынын юстиция министри Азамат Несипбаевич, Өзбекстан Республикасынын юстиция министри Акбар Ташкулов, Азербайжандын юстиция министри Фикрет Мамедов, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков, ошондой эле мүчө өлкөлөрдүн нотариалдык палаталарынын башчылары катышты.

Министр Тунч Түрк дүйнөсүнүн нотариустар биримдигинин өлкөлөрдүн жарандары үчүн абдан маанилүү жеңилдиктерди камсыздай турганын айтып: «Түрк дүйнөсүнүн нотариустар биримдиги түзүлгөндөн кийин биримдикке кирген түрк мамлекеттеринин биринде жасалган нотариалдык иштер, түзүлө турган интеграция менен өз өлкөсүндө жасалгандай юридикалык натыйжа берет. Ушундайча Түрк мамлекеттеринин биринде берилген ишеним кат ошол эле учурда башка мүчө мамлекетте да каралышы мүмкүн. Мындан ары чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдөн ишеним каттын түп нускасын жөнөтүүнүн зарылчылыгы болбойт»,-деди.

Юстиция министри: «Биримдигибиз жасай турган иштер; нотариалдык кесиптин өнүгүшү үчүн дүйнөгө үлгү болот. Келечекте каалаган берки түрк мамлекеттери да бул кызматташтыкка кошулуп, бизге күч кошоруна ишенем»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар