Карабахтагы бардык тарыхый жана маданий эстеликтердин коргоого алынгандыгы билдирилди

Бир тараптан Азербайжандын Карабах аймагындагы орус тынчтык күчтөрүнүн Аскеран, Агдере жана Шуша аймактарындагы байкоочу пункттарды жойгондугу маалымдалды.

2047379
Карабахтагы бардык тарыхый жана маданий эстеликтердин коргоого алынгандыгы билдирилди

Азербайжандын Карабах аймагындагы бардык тарыхый жана маданий эстеликтердин полиция топтору тарабынан коргоого алынгандыгын жарыялады.

Азербайжандын Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Карабах аймагына кирген бардык калктуу конуштардагы диний жана маданий эстеликтердин коопсуздугу жана коргоосу полиция топтору тарабынан камсыздалгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө Хожавент облусунун Жүтчү айылындагы Амарас монастырынын, Келбежер облусунун Венгли айылындагы Генжесер монастырынын, Ханкенди шаарындагы собор менен чиркөөнүн да коргоого алынгандыгы билдирилди.

Бир тараптан Азербайжандын Карабах аймагындагы орус тынчтык күчтөрүнүн Аскеран, Агдере жана Шуша аймактарындагы байкоочу пункттарды жойгондугу маалымдалды.

Россиянын Коргоо министрлиги орус тынчтык күчтөрүнүн Карабахта жүргүзгөн иши тууралуу  берилген маалыматта : «Кагылышуулардын токтотулушуна байланыштуу  түзүлгөн келишимдер  боюнча Карабахтагы мыйзамсыз куралдуу армян күчтөрүнүн кампаларындагы курал, аскердик каражаттар,  жеңил курал жана ок  - дарыларды саноо улантылды. 5 -  октябрдан тарта  84 ок өткөрбөс унаа, 121 абадан коргонуу унаасы, 96 көп стволдуу ракета аткычтар жана минометтор, 1 учкучсуз учуучу аппарат, 7 миңден ашык аткычтар жана танкка каршы курал жана болжол менен 58,5 миллион ок саналды»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар