Азербайжанда мина жарылды

Азербайжандын Тертер облусунда минанын жарылышынын натыйжасында  бир жаран каза болду.

2047456
Азербайжанда мина жарылды

Азербайжандын Тертер облусунда минанын жарылышынын натыйжасында  бир жаран каза болду. 

Азербайжандын  ички иштер министрлигинен берилген маалыматта  Тертердин Чайлы  айыл аймагында жөө аскерлерге каршы жайгаштырылган минанын жарылуусунан бир жарандын каза болгондугу белгиленди.

Тертердин Чайлы айылы Экинчи Карабах  согушуна чейин байланыш линиясында болгон. Бир бөлүгү армян армиясынын көзөмөлүндө болгон айыл 2020 - жылдын 9 - октябрында оккупациядан бошотулду. 

Азербайжан оккупациядан бошоткон аянттарда армян күчтөрү тарабынан жайгаштырылган жүз миңдеген минанын табылгандыгы болжолдолууда. 

Экинчи Карабах согушу аяктаган күндөн бери 64  азербайжандык минанын жарылышынын натыйжасында каза болду. 266 киши жараланды. 

 



Тектеш кабарлар