Гукайсан, Саакян жана Ишанян камакка алынды
Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө Гукайсан, Саакян жана Ишаняндын 3-октябрда Ханкенди шаарында кармалып, борбор шаар Бакуга жеткирилгени белгиленди.
Азербайжандын Карабах аймагындагы армян администрациясынын мурдагы «президенттери» Аркади Гукайсан менен Бако Саакян жана «парламент спикери» Давит Ишанян камакка алынды.
Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө Гукайсан, Саакян жана Ишаняндын 3-октябрда Ханкенди шаарында кармалып, борбор шаар Бакуга жеткирилгени белгиленди.
Билдирүүдө бул адамдарга «уюшкан террордук кылмыштуулук», «терроризмди каржылоо», «терроризм максатында окутууну уюштуруу», «ок атуучу куралдарды жана анын компоненттерин, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана башкаларды мыйзамсыз уюшкан түрдө алуу, сактоо жана ташуу» «мыйзамда каралбаган куралдуу топ жана топторду түзүү жана алардын ишмердүүлүгүнө катышуу» боюнча айыптар менен сот тарабынан камакка алынганы белгиленди.
Гукайсан 1997-2007-жылдары, Саакян 2007-2020-жылдары Карабахтагы оккупациялык режимдин «президенти» катары кызмат кылган.
«Дашнакцутюн» партиясынын «Карабах өкүлү» Ишанян быйыл армян администрациясы деп аталган аймактын «парламент спикери» болуп шайланган.
Азербайжан бийлиги Карабахтагы жасалма армян администрациясынын мурдагы «президенттеринин» бири Арайик Арутюнян да кармалганын жарыялаган болчу.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.