Азербайжандык депутат Ганире Пашаева каза болду
24 - сентябрда гипотония диагнозу менен ооруканага жаткырылган жана реанимацияда дарыланган Пашаева бардык жардамдарга карабастан каза болду.
Азербайжан Улуттук Парламентинин Маданият комиссиясынын төрайымы, депутат Ганире Пашаева каза болду.
24 - сентябрда борбор шаар Бакуда келип чыгышы белгисиз гипотония диагнозу менен ооруканага жаткырылган жана реанимацияда дарыланган Пашаева бардык жардамдарга карабастан каза болду.
Ганире Пашаеванын сөөгү Бакудагы 2 - Фахри Хыябан мамлекеттик көрүстөнүнө коюлду.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Пашаеванын үй-бүлөсү жана жакындарынан тышкары көп сандаган депутат, Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжы жана жүздөгөн киши катышты.
Ганире Пашаева 1975 - жылы 24 - мартта Азербайжандын Товуз шаарында төрөлгөн.
Азербайжан медициналык университетинин педиатрия бөлүмүн жана Баку мамлекеттик университетинин эл аралык укук бөлүмүн бүтүргөн Пашаева 1998 - жылы эфирге чыга баштаган.
2005 - жылы 6 - ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Товуздан депутат болуп шайланган Пашаева парламентте түрдүү кызматтарда иштеди.
Пашаева акыркы жолу Улуттук Парламенттин Маданият комиссиясынын башчысы катары иштей баштаган.
Пашаева Түркиядагы көптөгөн иш-чараларга да катышкан.
Түрк дүйнөсү боюнча көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзгөн Пашаева : «Түркиянын күчтүү болушу түрк дүйнөсүнүн күчтүү болушу дегенди билдирет»,- деген.