Өзбекстанда жарылуу болду

Жарылууда 1 киши каза  болуп, 163 киши жаракат алды.

2043430
Өзбекстанда жарылуу болду

Өзбекстандын борбор шаары  Ташкентте бир  компаниянын кампасында болгон жарылуудан 1 киши каза  болуп, 163 киши жаракат алды.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка караганда Ташкенттин Сергели районундагы фирманын кампасында белгисиз себеп менен жарылуу болду. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта жарылууда  1 кишинин каза болгондугу, 163 кишинин жаракат алгандыгы билдирилди. 

Маалыматта жаралангандардан  24 кишинин ооруканага жаткырылгандыгы, калгандарына окуя болгон жерде медициналык жардамдын көрсөтүлгөндүгү белгиленди. 

Жарылуудан улам чыккан өрттү өчүрүү үчүн аймакка өрт өчүрүүчүлөр жиберилди.

Премьер - министрликтин билдирүүсүндө премьер - министр Абдулла Арипов окуя болгон жерге барып, иликтөө иштерин жүргүздү.

Маалыматта  президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен жардыруудан жабыркагандарга жардам берүү үчүн вице - премьер - министр Ачылбай Раматовдун жетекчилигинде өкмөттүк комиссиянын түзүлгөндүгү белгиленди. 

 

 



Тектеш кабарлар