Ташкентте ден соолук туризминин жарманкеси башталды

Ташкентте быйыл экинчи жолу уюштурулган жарманкенин ачылышына Түркиянын Ташкенттеги элчиси Олган Бекар, Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Желалеттин Асамыддинов жана көптөгөн коноктор катышты.

2043080
Ташкентте ден соолук туризминин жарманкеси башталды

Түркиядан оорукана жана ден соолук туризми агенттиктери катышкан Өзбек-түрк саламаттык сактоо кызматтары жана ден соолук туризми жарманкеси (Health Uzbekistan-2023) башталды.

Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте быйыл экинчи жолу уюштурулган жарманкенин ачылышына Түркиянын Ташкенттеги элчиси Олган Бекар, Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Желалеттин Асамыддинов жана көптөгөн коноктор катышты.

Асамыддинов өз сөзүндө өлкөдө саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү үчүн чет мамлекеттердин саламаттык сактоо системаларынан жана тажрыйбаларынан пайдалануу максатында түрдүү саламаттыкты сактоо бизнес форумдары жана иш-чаралардын уюштурулганын, саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция сала турган ишкерлерге керектүү шарттарды түзүп бере тургандарын маалымдады.

Элчи Бекар да Түркиянын саламаттыкты сактоо тармагына салган инвестициялары, эл аралык деңгээлдеги ийгиликтүү дарыгерлери жана медицина тармагындагы өнүгүүлөргө тез көнүшүнүн негизинде дүйнөдөгү артыкчылыктуу өлкөлөрдүн бирине айланганын айтты.

Бекар Өзбекстандын Түркиянын саламаттыкты сактоо тармагындагы инвестициясына муктаж экенин белгилеп, мындай иш-чаралардын түрк инвесторлорунун Өзбекстандын саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция салуусу үчүн маанилүү экенин билдирди.

Өзбек жарандарынын чоң кызыгуусун жараткан жарманке эртең аяктайт.



Тектеш кабарлар