Карабахтагы жарылуу жана өрт: 68 адам каза болду

Бул тууралуу Армениянын расмий кабар агенттиги Арменпресстин Карабахтагы Армения өкүлдөрүнө таянуу менен берген кабарында маалымдалды.

2042707
Карабахтагы жарылуу жана өрт: 68 адам каза болду

Азербайжандын Карабах аймагындагы Ханкенди-Аскеран жолунда жайгашкан бензин сактоочу жайдагы жарылуудан улам чыккан өрттө каза болгондордун саны 68ге жетти.

Армениянын расмий кабар агенттиги Арменпресстин Карабахтагы Армения өкүлдөрүнө таянуу менен берген кабарына караганда, мурунку күнү чыккан өрттө каза болгондордун саны 68 ​​болсо, Соттук Медицина институту  21 сөөктүн өздүгү аныкталганын жарыялады.

Өрттөн жабыркаган 105 адамдын тагдыры дагы эле аныктала электиги белгиленди.

Ооруканаларда дарыланган 290 жараланган адамдын 168и Армениядагы ооруканаларга жана күйүк дарылоо борборлоруна которулду.

25-сентябрда Азербайжандын Карабах аймагындагы Ханкенди-Аскеран жолунун жанындагы бензин сактоочу жайда болгон жарылуудан жана андан кийинки өрттөн көп киши каза болуп, 290 киши жаракат алганы маалымдалды.

Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бензин сактоочу жайда чыккан өрт азербайжандык өрт өчүргүчтөр тарабынан өчүрүлгөнүн жарыялады.



Тектеш кабарлар