Карабакта Ханкендиге Азербайжандын электр энергиясы кошулду

Билдирүүдө Ханкендиге электр энергиясы Шушадагы трансформатордук борбордон берилгени айтылып, «Азыр Ханкендиде азербайжан жарыгы күйүп жатат»,-деген сөздөр камтылды.

2041631
Карабакта Ханкендиге Азербайжандын электр энергиясы кошулду

Азербайжандын Карабах аймагында армян калкы жашаган Ханкенди шаарынын электр линиясы Азербайжандын жалпы электр линиясына кошулду.

Азербайжандын Президенттик аппаратынын билдирүүсүндө, Ханкенди шаарынын электр линиясынын Армениянын энергетика системасынан бөлүнүп, Азербайжандын энергетикалык системасына кошулганы маалымдалды.

Билдирүүдө Ханкендиге электр энергиясы Шушадагы трансформатордук борбордон берилгени айтылып, «Азыр Ханкендиде азербайжан жарыгы күйүп жатат»,-деген сөздөр камтылды.

Азербайжан армиясы конституциялык түзүлүштү орнотуу үчүн 19-сентябрда Карабахта антитеррордук операция баштаган.

Карабактагы мыйзамсыз армян куралдуу күчтөрү болжол менен 24 саатка созулган операциядан кийин куралдарын таштаган.

Азербайжандык жетекчилер менен армян калкынын өкүлдөрүнүн 21-сентябрдагы жолугушуусунда, интеграциялык процесстерге байланыштуу бир катар темаларда макулдашууга жетишилген.



Тектеш кабарлар