Азербайжан: «Куралсыздандырылган армян топторунун Арменияга өтүүсүнө уруксат берилет»

Бул тууралуу Азербайжандын Ички иштер министрлиги билдирди.

2041457
Азербайжан: «Куралсыздандырылган армян топторунун Арменияга өтүүсүнө уруксат берилет»

Азербайжан Карабакта куралсызданган жана демобилизацияланган Армениянын куралдуу күчтөрүнүн өз өлкөсүнө өтүүсүнө уруксат берилерин жарыялады.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта 20-сентябрда жетишилген келишимге ылайык куралсыздандырылган жана демобилизациялан Армения куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлеринин Азербайжандын Карабак аймагынан Арменияга өтүүсүнө Ханкенди-Лачын жана Келбежер-Басаргечер багыттары боюнча уруксат берилери белгиленди.

Билдирүүдө өтүүлөр автобустар жана жеке унаалар менен болоору белгиленген.

Азербайжан армиясы конституциялык түзүлүштү орнотуу үчүн 19-сентябрда Карабакта антитеррордук операция баштаган.

Карабактагы мыйзамсыз Армения куралдуу күчтөрү болжол менен 24 саатка созулган операциядан кийин куралдарын таштады. Аймактагы жасалма армян администрациясы куралдуу күчтөрүн таркаткан.



Тектеш кабарлар