Карабахтын оккупацияланышынын символу болгон танк Бакуга алып келинди

Кечээ Бакуга келген танк «Согуш олжолору паркы» деп аталган ачык асман алдындагы музейге коюлду.

2041266
Карабахтын оккупацияланышынын символу болгон танк Бакуга алып келинди

Биринчи Карабах согушунан кийин (1992 - жыл  июнь -  июль) армяндар "жеңиштин эстелиги" катары колдонгон, оккупация мезгилинде Шуша - Ханкенди жолуна коюлган танк Азербайжандын борбор шаары Бакуга алып келинди. 

Кечээ Бакуга келген танк Экинчи Карабах согушунда (2020)  Азербайжан армиясы тарабынан  колго түшүрүлгөн курал - жарактар ​​жана бронетранспортерлер көргөзмөгө коюлган «Согуш олжолору паркы» деп аталган ачык асман алдындагы музейге коюлду. 

442 номердүү танк Биринчи Карабах согушунда Шушанын Армения күчтөрү тарабынан оккупацияланышынан мурда Азербайжандын улуттук баатыры Альберт Агарунов тарабынан атылган, согуштан кийин армяндар танкты "жеңиштин эстелиги" символуна айландырышкан. 

 

 



Тектеш кабарлар