АКШда Түрк мамлекеттери уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү

Жыйында  Азербайжандын Карабахтагы анитеррордук  операциясы, 10 -  Түрк мамлекеттери уюмунун саммитинин даярдыктары каралды.

2041115
АКШда Түрк мамлекеттери уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү

Америка Кошмо Штаттарынын  Нью - Йорк шаарында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйыны өттү.

Нью - Йорктогу Түрк үйүндө өткөрүлгөн жыйынга тышкы иштер министри Хакан Фидан да катышты.

Хакан Фидан жыйындан кийин Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушту.

Жолугушууда  Байрамов Турк үйүнө Карабахка таандык  оймо - чиймелер түшүрүлгөн жибек килемди белекке берди.

Фидан Байрамовго Турк үйүнө  белекке берилген килем учун ыраазычылык билдирди. 

Tүрк мамлекеттери уюму  Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия мүчө, ал эми Венгрия, Түндүк Кипр Түрк Республикасы  жана Түркмөнстан байкоочу статусунда орун алган түрк мамлекеттеринен турат.

 

 



Тектеш кабарлар