Азербайжан Макронго каршылык көрсөттү

Айхан Хажызаде Макрондун элчилер конференциясында айткан Азербайжанга каршы көз караштарына байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

2030436
Азербайжан Макронго каршылык көрсөттү

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айхан Хажызаде Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Азербайжандын кургактагы Лачын коридору тууралуу «гуманитардык коридор» деген сөзүнө каршылык көрсөттү.

Хажызаде Макрондун элчилер конференциясында айткан Азербайжанга каршы көз караштарына байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Макрондун аймакта учурдагы абалга байланыштуу жаңылыш көз караш пайда кылган жана бир тараптуу Арменияны жактаган көз караштарынын тынчтык процессине зыянын тийгизгендигин белгилеген Хажызаде буларды айтты : «30 жылга жакын убакыттан бери Армениядан Азербайжанга карата жасалган оккупация жана кол салууларды айыптабаган, оккупациянын натыйжасында 1 миллион качкын жана жер которгон кишинин гуманитардык абалы тууралуу эч бир баа берген Франциянын эми Азербайжандын БУУнун жобосуна жана эл аралык укуктун нормаларына жана принциптерине ылайык жерлеринин оккупациядан бошотулушу менен жыйынтыкталган44 күндүк согушту айыптоосу, ошол эле учурда Макрондун сөзүндө аймакта гуманитардык абал тууралуу айткандары түшүнүксүз».

Хажызаде Макрондун Азербайжандын жери болгон Лачын коридору тууралуу «гуманитардык коридор» деген сөздү колдонуусуна каршы : «Франция президентинин кайрылуусунда «Лачын гуманитардык коридору» сыяктуу сөздөрдү киргизүүсү кабыл алынбайт. Бул Азербайжандын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигине карата сыйсыздык»,- деди.

Азербайжандын аймакта тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда чечкиндүү экенин баса белгилеген Хажызаде : «Бул процессти үзгүлтүккө учураткан ар кандай тышкы кийлигишүүгө чечкиндүү түрдө бөгөт коюлат»,-деди.

Макрон жуманын ичинде Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен сүйлөшө тургандыгын, келишпестикти жөнгө салуу үчүн жаңы дипломатиялык демилге сунуштай тургандыгын жарыялаган.

Макрон өзгөчө Азербайжанга карата кысымды күчөтүү үчүн эл аралык аренада жаңы дипломатиялык демилге менен чыгаарын билдирген.



Тектеш кабарлар