Кыргызстанда Дүйнөлүк Көкбөрү оюндары башталды
1-Дүйнөлүк Көкбөрү кубогунун оюндарына үй ээси Кыргызстандан тышкары Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Ооганстан жана Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) командалары катышууда.
Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы эс алуу борбору болгон Чолпон-Ата шаардык ипподромунда бир жумага созула турган 1-Дүйнөлүк Көкбөрү кубогунун оюндары ачылуу аземи менен башталды.
1-Дүйнөлүк Көкбөрү кубогунун оюндарына үй ээси Кыргызстандан тышкары Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Ооганстан жана Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) командалары катышууда.
Оюндардын ачылыш аземинин алдында Чолпон-Ата шаарында Улуттук көкбөрү федерациясынын 14 өкүлүнүн катышуусунда өткөн конгрессте Эл аралык Көкбөрү союзу түзүлдү. Жаңы бирикмеге Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев жетекчи болду.
Президент Садыр Жапаров 1-Дүйнөлүк Көкбөрү кубогунун оюндарынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө: «Көкбөрү биздин улуттук оюнубуз. Көкбөрү оюнун улантабыз жана дүйнөгө таанытабыз»,-деди.
Улуттук көкбөрү командалары мелдеште Достук жана Дүйнө чемпиондугу үчүн таймашышат.
Жарым финал 17-18-августта, финалдык оюндар 20-августта болот.