Жеңиш чокусунда жоголгон альпинисттер табылган жок

4 миң 100 метр бийиктикте, 20-30 градус суукта издөө иштерин жүргүзгөн куткаруу тобу кайтып келди.

2023655
Жеңиш чокусунда жоголгон альпинисттер табылган жок

Кыргызстандагы Жеңиш чокусунда акыркы жолу 25 күн мурун байланышка чыккан дайынсыз альпинисттерди издөө иштеринин токтотулганы кабарланды.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 19-июлда Жеңиш чокусунда болжол менен 6 миң 900 метр бийиктикте байланыш үзүлүп, 24-июлда координаттары алынган 3ү орус, бири литвалык 4 альпинистти издөө иштеринин токтотулганы маалымдалды.

Билдирүүдө 4 миң 100 метр бийиктикте, 20-30 градус суукта издөө иштерин жүргүзгөн куткаруу тобунун өмүрү үчүн да өтө кооптуу болгон координаттарга жакындоонун дээрлик мүмкүн эмес экени айтылды.

Топтун аба ырайынын катаал шарттары жана кар көчкү коркунучун эске алуу менен кайтып келүүнү чечкени билдирилип, альпинисттерди куткаруу үчүн бардык аракеттердин көрүлгөнү баса белгиленди.



Тектеш кабарлар