Жапаров: «Дрондорду жана учкучсуз учуучу аппараттарды (УУА) экспорттоого тыюу салдык»

Жапаров Кыргызстандан транзиттик соода жүргүзүүгө тийиш болгон 14 айыл чарба багытындагы учкучсуз учуучу аппараттардын Казакстанда ​​кармалганы боюнча Улуттук «Кабар» маалымат агенттигине билдирүү жасады.

2022441
Жапаров: «Дрондорду жана учкучсуз учуучу аппараттарды (УУА) экспорттоого тыюу салдык»
Kırgızistan Cumhurbaşkanı Sadır Caparov.jpg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөсү Орусияга каршы санкцияларды бузуп жатат деген айыптоолорго байланыштуу: «Биз дрондорду жана учкучсуз учуучу аппараттарды (УУА) экспорттоого тыюу салдык»,-деди.

Жапаров Кыргызстандан транзиттик соода жүргүзүүгө тийиш болгон 14 айыл чарба учкучсуз учуучу аппараттардын Казакстанда ​​кармалганы боюнча Улуттук «Кабар» маалымат агенттигине билдирүү жасады.

Казакстанда кыргызстандык компанияга таандык учкучсуз учуучу аппараттар ​​салынган жүк кармалганын билдирген Жапаров: «Компания бул учкучсуз учуучу аппараттардын ​​айыл чарба багытында экенин билдирди. Бирок биз азыр дрондорду жана УУАларды экспорттоого тыюу салдык»,-деп айтты.

Жапаров, кээ бир маалымат каражаттарында чыккан «Америкалык сенатор Роберт Менендес Орусияга киргизилген санкциялардын аткарылышын талап кылган кат жазган» деген кабарга байланыштуу, «Сенатордун катына келсек, мага көптөгөн белгилүү саясатчылардан кат келип турат. Биз эгемендүү өлкөбүз. Мындан ары да бардык мамлекеттер менен тең укуктуу мамиледе болобуз. Биз көп багыттуу тышкы саясатты жүргүзөбүз»,-деп түшүндүргөн.

Ошондой эле Жапаров: «Орусия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес. Орусия менен Кытай өздөрү бири-бирине кошуна өлкөлөр. 4000 километр чек ара тилкеси бар. Орусия кааласа деңиз аркылуу, кааласа темир жол аркылуу эшелон-эшелон же баржа-баржа кылып каалаган товарын ташып алат»,-деп кошумчалады.

Жапаров Орусия жана Украинага карата башынан эле бейтарап позицияда болгондорун жана бул позицияны кармана тургандарын баса белгиледи.

Кыргызстан АКШ, Европа Биримдиги жана Улуу Британия менен консультациялардан кийин аскердик жана «кош максаттуу материалдардын» мыйзамсыз соодасынын алдын алуу боюнча бир катар чараларды баштаганын жарыялады.



Тектеш кабарлар