Кыргызстанда жоголгон альпинисттер
Альпинисттерди издөө иштеринин уланып жатканы билдирилди.
2017487
Кыргызстандагы Жеңиш чокусуна чыккан 4 альпинисттен 9 күндөн бери кабар жок.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, үчөө орус жараны, бирөө литвалык 4 альпинисттин Жеңиш чокусуна чыгуу үчүн 11-июлда лагерге жайгашышканы айтылды.
Билдирүүдө акыркы жолу 19-июлда байланышка чыккан жана 9 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан альпинисттерди издөө иштеринин уланганы белгиленди.