Эрсин Татар: «ТКТРга изоляция, эмбарго жана чектөөлөр менен адилетсиздиктер токтотулсун»

Татар «Эржан» аэропортунун жаңы терминалынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө:«Бүгүнкү күндө «Эржан» аэропортунун жаңы терминалы, конуу тилкеси, бул жердеги жабдуулары, бул жердеги коопсуздугу түштүктө, жада калса көпчүлүк өлкөлөрдө жок», - деди.

2014050
Эрсин Татар: «ТКТРга изоляция, эмбарго жана чектөөлөр менен адилетсиздиктер токтотулсун»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Түндүк Кипр Түрк Республикасына киргизилген изоляция, эмбарго жана чектөөлөр менен адилетсиздиктердин токтотулушу керектигин айтты.

Татар «Эржан» аэропортунун жаңы терминалынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө:«Бүгүнкү күндө «Эржан» аэропортунун жаңы терминалы, конуу тилкеси, бул жердеги жабдуулары, бул жердеги коопсуздугу түштүктө, жада калса көпчүлүк өлкөлөрдө жок», - деди.

Эл аралык байланыш каттамдарында көйгөйлөр бар экенине көңүл бурган Татар дүйнөнүн төрт тарабынан Түркия аркылуу Түндүк Кипр Түрк Республикасына каттамдар болгонун белгиледи.

Кипр түрк элинин атынан дагы бир жолу эл аралык коомчулукка кайрылган Эрсин Татар:"Бул изоляция (ТКТРге), эмбарго, чектөөлөр жана айрыкча саякат эркиндиги жагынан бизге жасалган адилетсиздик дароо токтотулушу керек. Анткени саякат эркиндиги адамдын эң табигый укугу",-деди.

Башка өлкөлөрдөн Түндүк Кипр Түрк Республикасына келүүнү каалаган көптөгөн атуулдун тоскоолдукка кабылганын белгилеген Татар сөзүн мындайча улантты: «Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги түрк мамлекети катары, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ушундай аэропортко ээ болушу канчалык сыймыктануу жана сыймык экенин элибиз менен бөлүшкүм келет»,-деди.



Тектеш кабарлар