Өзбекстанда Мирзиёев кайрадан президент болуп шайланды

Өзбекстанда 30-апрелдеги референдумда конституциялык өзгөртүү кабыл алынгандан кийин, кечээ мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү.

2009174
Өзбекстанда Мирзиёев кайрадан президент болуп шайланды

Өзбекстанда өткөрүлгөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун тактала элек жыйынтыгы боюнча Либерал-демократиялык партиядан көрсөтүлгөн Шавкат Мирзиёев 87,05 пайыз добуш алып, 7 жылга кайра президент болуп шайланды.

Өзбекстанда 30-апрелдеги референдумда конституциялык өзгөртүү кабыл алынгандан кийин, кечээ мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү.

Шайлоодо парламенттин төмөнкү палатасы болгон Мыйзам чыгаруу мажлисинде 5 саясий партия көрсөткөн төрт талапкер ат салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамхожаев кечээ өткөн шайлоодо демократия эрежелерине, улуттук мыйзамдарга жана эл аралык укуктун нормаларына ылайык шайлоочулардын 87,05 пайызын алып, президент Мирзиёев кайрадан президент болуп  шайланганын маалымат жыйынында билдирди.

Добуштарды саноонун аяктаганын белгилеген Низамхожаев өлкө боюнча жалпы 15 миллион 651 миң 405 шайлоочунун добуш бергенин, бул тизмеге кирген шайлоочулардын 79,88 пайызына туура келгенин айтты.

Низамхожаев шайлоодо Элдик демократиялык партиянын талапкери Улугбек Иноятов 4,02 пайыз, Өзбекстан Экология партиясынын талапкери Абдушкур Хамзаев 3,74 пайыз жана Адилет социал-демократиялык партиясынын талапкери Роба Махмудова 4,43 пайыз добуш алганын айтты.

Низамхожаев азырынча шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча арыз түшө электигин кошумчалады.


Этикеткалар: #Мирзиёев , #Өзбекстанда

Тектеш кабарлар