Президент Садыр Жапаров Бишкекте ТИКА ачкан нан заводун текшерди

Жапаров Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдикадыров жана ТИКАнын Бишкек программасынын координатору Осман Устанын коштоосунда күнүмдүк 20 миң нан чыгаруучу Бишкек нан заводунда текшерүү иштерин жүргүздү.

2008712
Президент Садыр Жапаров  Бишкекте ТИКА ачкан нан заводун текшерди
tika ekmek fabrikasi.jpg
caparov tika ekmek fabrikasi.jpg

 Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түрк кызматташтык жана координация агенттиги ТИКА тарабынан курулган заманбап нан заводунан мамлекеттик мекемелердин нанга болгон муктаждыгын камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Жапаров Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдикадыров жана ТИКАнын Бишкек программасынын координатору Осман Устанын коштоосунда күнүмдүк 20 миң нан чыгаруучу Бишкек нан заводунда текшерүү иштерин жүргүздү.

Нан заводунун өндүрүш технологиясы  тууралуу маалымат алган Жапаров Бишкек мэри Абдыкадыровдон заводдун 25 -  30 пайыздык өндүрүш көлөмүн чоңойтууну талап кылды.

Жапаров нан заводундагы  родукциялардын сапат жана ылайыктуу баада экендигин белгилеп билим берүү, саламаттыкты сактоо, ички иштер органдары жана башка мамлекеттик мекемелердин бул заводдон нан сатып алууларына көрсөтмө берди.

ТИКАнын Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте 2015 -  жылы курган Бишкек нан заводун президент Режеп Таййип Эрдоган  Анкарадан катышкан телеконференция системасы менен ачкан.



Тектеш кабарлар