Талас мамлекеттик университетинде түрк тили классы ачылды

ТИКАнын колдоосу менен курулган класстын ачылыш аземи өткөрүлдү.

2006613
Талас мамлекеттик университетинде түрк тили классы ачылды

Кыргызстандагы Талас мамлекеттик университетинде (ТАЛМУ) Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен түрк тили классы ачылды.

ТИКАнын колдоосу менен курулган класстын ачылыш аземи өткөрүлдү.

Салтанатка катышкан Талас облусунун губернаторунун орун басары Мира Сейдикеримова Талас мамлекеттик университетинде түрк тили классынын ачылганына ыраазы экенин айтып, кыргыздын «Жети элдин тилин бил, жети атаңдын дилин бил» деген накыл кепти эске салып, тил үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Түрк тили классынын окуучуларга чоң салымын кошоруна ишенгенин билдирген Сейдикеримова эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени күчтөндүрүүнү жана мындай окуу борборлорун дагы көп ачууну каалашарын билдирди.

Түркиянын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доган да түрк тили менен кыргыз тили бири-бирине окшош экенин айтып, Кыргызстанда түрк тилин үйрөнүп, сертификат алган студенттер Түркиядагы университеттерде кошумча тил үйрөнүүгө муктаж болбостон бакалавриат, магистратура же докторантурада окуй алаарын айтты.



Тектеш кабарлар