ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгын майрамдоолор уланууда...
Борбор калаа Ашхабаддагы «Махтумкулу» Түркмөнстан улуттук музыкалык драма театрында өткөн иш-чарага Түркмөнстандын Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Мехрижемал Мамедова, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев катышты.
Түркмөнстанда Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата Түрк мамлекеттеринин маданият жумалыгы башталды.
Борбор калаа Ашхабаддагы «Махтумкулу» Түркмөнстан улуттук музыкалык драма театрында өткөн иш-чарага Түркмөнстандын Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Мехрижемал Мамедова, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев, Түркиянын Ашхабаддагы элчиси Тоган Орал жана түрк мамлекеттеринен көптөгөн маданият жана искусство ишмерлери катышты.
Мамедова иш-чаранын ачылышында президент Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосун окуп берди.
Бердымухамедов өз кайрылуусунда Түркмөнстан менен ТҮРКСОЙдун ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн масштабдуу изилдөөлөр жүрүп жатканын белгиледи.
2024-жылдын «Махтумкулу Фираки» жылы болгонун жана Түркмөнстандын Анев шаары ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин чечими менен «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» болуп тандалганын эске салган Бердымухамедов, мындан кийинки мезгилде да ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттер менен эл аралык маданий карым-катнаштарга чоң маани берерин белгиледи.
Бердымухамедов ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгына карата уюштурулган Түрк мамлекеттеринин маданият жумалыгын Ашхабаддагы маданият жумалыгы менен бирге уюштуруунун мааниси бар экенин айтты.
Иш-чара түрк мамлекеттеринин өнөрпоздорунун ырлары жана бий топторунун көрүү кечелери менен уланды.
Жарманке, концерт, музейлерди кыдыруу сыяктуу түрдүү маданий иш-чаралардан турган Түрк мамлекеттеринин маданият жумалыгы 29-июнга чейин уланат.