Түрк дүйнөсү Кастамонуда чогулду

Түрктөрдүн башын бириктирген Кастамонуда 23-Салттуу Кастамону Түрк дүйнөсү күндөрү кызуу жүрүүдө.

1998236
Түрк дүйнөсү Кастамонуда чогулду
Türk Dünyası Kastamonu'da 41.jpg
Türk Dünyası Kastamonu'da 32.jpg
Türk Dünyası Kastamonu'da 21.jpg
Türk Dünyası Kastamonu'da 2.jpg

ТҮРК ДҮЙНӨСҮ КАСТАМОНУДА БИР ДЕНЕДЕЙ БИРИКТИ

Кастамону муниципалитети тарабынан уюштурулган 23-Салттуу Кастамону Түрк дүйнөсү күндөрү Республиканын 100 жылдыгына карата шыктануу менен белгиленди. Туран географиясын бириктирген программаларда жалпы дуба Кызылалма болду.

Иш-чараларга катышкан атуулдар тарабынан толкундануу менен белгиленген Түрк дүйнөсүнүн күндөрү 9-июнь жума күнү Кышла паркындагы муниципалитет аянтынан кортеж жүрүшү менен башталды.

Улуттук кыймыл партиясынын Түрк дүйнөсү жана эл аралык байланыштар боюнча төрага орун басары Проф. Д-р. Камил Айдын, губернатордун орун басары Ахмет Жошкун, мэр Оп. Д-р. Рахми Галип Видинлиоглу, депутат Халил Улуай, орун басары Серап Экмекчи, Улуттук кыймыл партиясынын облустук төрагасы Эмре Шахин, АК партиянын облустук төрагасы Доган Үнлү, ошондой эле район акимдери, мекеме директорлору жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилери кортеж жүрүшүнө катышты. Көчөлөрдө тизилген эл түстүү көрүнүштөргө күбө болушту. Айрыкча кичинекей мехтеран командасы бардыгынын көңүлүн бурду. Кортеж жұрүшүндө «Мехтер» оркестринин жана Туран аймагынын командаларынын өнөрлөрү кол чабуулар менен коштолду.

23 өлкөдөн келген 100дөн ашуун Түрк дүйнөсүнүн элинин топторун иш-чара аймагында аларды күтүп жаткан эл тосуп алышты. Муниципалитет аянтындагы иш-чаралар «Атабей Гази» мехтеран оркестринин аткаруусу менен башталды. Мэр Оп. Д-р. Рахми Галип Видинлиоглунун ачылыш сөзүнөн кийин Туран географиясындагы өлкөлөрдү өкүлдүк кылган чатырлар кыдырылып, салтанаттуу кече башталды.

550 жылдык Жем Султан Бедестенде уюштурулган гала кечинде Азербайжандын мамлекеттик чебери, белгилүү пианист Туран Манафзаде катышуучуларга өзгөчө эмгектерин тартуулады.

  Муниципалитет аянтындагы иш-чаралар Туран географиясынан келген ырчы бийчи топтордун өнөрлөрү менен башталды.

«БИЗ БАРДЫК ЭЗИЛГЕН МАМЛЕКЕТТЕРДИН ЖАНА ТУРАНДЫН АЙМАГЫНЫН ҮМҮТҮБҮЗ»

Кастамону Чанаккале согушунда эң көп шейит берген облустардын бири болгонун эске салган Кастамону шаарынын мэри Оп. Д-Р. Программанын ачылыш сөзүн Рахми Галип Видинлиоглу жасады. Мэр Видинлиоглу сөзүндө: «23-жолу уюштурган Түрк дүйнөсү күндөрү 23 жыл деп айтып коюш жеңил. Албетте, пандемияга байланыштуу процесс бар, эгер ошол убакта жасай алсак, 25-син өткөрмөкпүз. Бирок булардын арасында акыркы окуяларга өзүнчө баракча ачуу зарыл. Өткөн жылы бизге 28 өлкөдөн коноктор келген. Бул жылы Украина-Орусия согушунан улам дээрлик 25-26 менен 1-2 өлкө кем болду. Кайда барасың деп сурашса, көкүрөгүбүздү өйдө көтөрүп «Эй, кызыл алмага» дейбиз.

Кудайга шүгүр, кечээ эле түш деп атап, күлүп гана коюшкан кыялдануубуз бүгүнкү күндө чындыкка айланып кеткенине баарыбыз чогуу күбө болдук. Казакстандан, Кыргызстандан, Өзбекстандан жана ар кайсы аймактардан келген конокторубуздун баарынын тилинде туран бар. Биз мындай болорун билгенбиз. Бир чындык бар, ал да улуттун, улут чындыгы. Бул биздин көчөдөн башталып, районубуздан, облусубуздан, өлкөбүздөн өтүп аймагыбызда уланууда. Кабыл алсаң да, кабыл албасаң да бир гана өздүгүң бар, түрк идентификаты. Мурда Түркия күчтүү болушу керек деп айтканыбызда бүгүнкү шарттар үчүн эмес, биздин аймактан тышкары жерде жашаган туугандарыбыз бар дечүбүз. Мына, биз азыр аларды ушул жерде кучактап жатабыз. Кудай буйруса, бул иш-чараларды жылына бир жолу, жылдын кайсы бир айларында аралаштырып уюштуруп, мындан ары да бул мамилелерди бекемдеп турсак деп ишенем. Биздин мойнубузда миңдеген жылдар бою чогулган жоопкерчиликтер бар. Биз Түркиянын гана эмес, бүткүл Туран географиясынын, Ислам дүйнөсүнүн, эзилген мамлекеттердин үмүтүбүз. Биз бул ишеним менен иштөөнү улантабыз»,-деп айтты.

 

ӨЛҮМҮНҮН 15-ЖЫЛЫНДА ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУ ЭСКЕРҮҮГӨ АРНАЛГАН ТҮРК ДҮЙНӨСҮ ТУУРАЛУУ ПАНЕЛЬ ӨТТҮ

23-Салттык Кастамону Түрк дүйнөсү күндөрүнүн экинчи күнү жаа атуу машыгуусу жана шоу менен башталды. Программалар Эл агартуу борборунда өткөрүлгөн өлүмүнүн 15-жылында Чынгыз Айтматовду эскерүүгө арналган Түрк дүйнөсү тууралуу панель менен уланды. Иш-чаранын модераторлугун Стамбул университетинин экономика факультетинин эконометрия бөлүмүнүн окутуучусу, проф.д-р Кутлуг Каган Сүмер жүргүзүп,катышуучулар Айтматов тууралуу өз пикирлерин айтып жатышты. проф. Сүмер жаш чагында Айтматов менен таанышуу мүмкүнчүлүгү болгонун жана Айтматов ага "Сенин чоң атаң менен менин атам кат алышчу экен" деген сөзү аябай толкундантканын айтып ошол көз ирмемди эч качан унутпай турганын айтты. Ал эми Кастамону университетинин адам жана кооом илимдери факултетинин заманбап түрк диалекттери жана адабият бөлүмүнүн окутуучусу проф.д-р Орхан Сөйлемез: "Менден дүйнөдөгү эң залкар жазуучу ким деп сурашса, эч ойлонбостон дароо Чынгыз Айтматов деп баштамакмын",-деп айтып, анын улуулугун даңазалады.

Кастамону муниципалитет аянтындагы туран элдеринин оюн-зооктору жана ыр-бийлери менен башталган оюн-зоок кечинде Кая Кузужу жана Бенгүнүн концерти менен уланды.

Республиканын 100 жылдыгына арналган Түрк дүйнөсү күндөрү чоң жактырууга ээ болду. Визуалдык шоу бардык катышуучулар тарабынан бир нече мүнөт бою кол чабуулар менен коштолду.

Илкер аттуу жаран мэр Оп. Д-р. Рахми Галип Видинлиоглуна кайрылып, сахнага чыгып, Пынар аттуу сүйгөнүнө күтүүсүз үйлөнүү сунушун жасады. Ушул мүнөттөрдө аянттагы элдин чоң колдоосуна ээ болгон Илкер сүйгөнүнөн «ооба» деген жооп алды. Мэр Оп. Д-р. Рахми Галип Видинлиоглу түгөйлөргө баш кошууну убада кылды.

Мындан тышкары, оюн-зооктор болуп жаткан учурда сахнага чыккан Аялдар Супер лигасынын чемпиону болгон Кастамону муниципалитетинин гандбол командасы ийгиликти бүт Кастамону эли менен бөлүштү. Чемпион спортчуларга кубоктор Мэр Оп. Д-р. Рахми Галип Видинлиоглудан алды.

Экинчи күнкү иш-чараларда Улуттук кыймыл партиясынын төрага орун басары партиялык билим жана саясат мектебинин жооптуусу Проф. Д-р Филиз Кылыч, Улуттук кыймыл партиясынын төрагасынын башкы кеңешчиси Эйүп Йылдыз менен Үлкү Ожаклары билим жана маданият фондунун төрагасы Ахмет Йигит Йылдырым да катышты.

 

«БИЗ 350 МИЛЛИОН КИШИСИ БАР ТҮРК ДҮЙНӨСҮБҮЗ»

Мэр Оп. Д-р. Рахми Галип Видинлиоглу өз сөзүндө жаштардын толкундануусун, кубанычын жана бактылуулугун көрүп, келечектен үмүттүү экенин баса белгиледи.

Мэр Видинлиоглу сөзүн төмөнкүчө улантты:

«Биздин жаштарыбыздын бул толкундануусун, кубанычын, шыктануусун көрүп, мен келечектен үмүттөнөм. Менден, «Кастамону эмне экенин айтып бере аласызбы?» деп сурашканда, мен Кастамону Түркиянын өзү деп айтам. Кастамону түркмөн бийлиги. 1000 жылдык тарыхы бар түрк мекени. Эч качан оккупацияланбаса да, Чанаккаледе Боштондук согушунда атын угузган бир облус. Селжук доорунун да, Осмон доорунун да, Республикабыздын да алмаштырылгыс шаары. Бул жерлер Эгемендүүлүктүн алгачкы учкундары чыккан жерлер. Ошол күнү эр жүрөк Инеболубузда баатыр бабаларыбыз болбогондо бүгүн бул жерде болмок эмеспиз. Ошол учкун ошол күнү тутанбаганда, бүгүн мынчалык жайлуу болмок эмеспиз. Түрк бар жерде туткун болбойт. Биз кайрадан эгемендүүлүккө ээ болмокпуз, бирок андан да оор шарттарда болмокпуз. Урматтуу жаштар, Күршаттын 40 аскери менен кытай сарайын басып алган окуясын билесизби? Күршат 40 аскери менен Кытай сарайына жортуул жасаганы барганда, ал жерди кара булут каптайт. Чоң нөшөр башталат. Ошол кырк эр жигит белиндеги кемерин ташка байлап, бири-биринен күч алат. Мекен алардын бизге калтырган аманаты. Мекен бул жолдун аягы шейиттик дегенде; «Уулум, мен адалмын, сен да адал кыл» деген Өмер Халисдемирдин аманаты. Бул жер биз үчүн улуу ардагер, гази Мустафа Кемал Ататүрктүн «Мен силерге согушууну эмес, өлүүнү буйруйм» деп калтырган мурасы. Бала кезибизден бери бир кара сүйүүбүз бар болчу, ал Туран. Кудайга шүгүр Түрк Мамлекеттери Уюму түзүлдү. Экономикалык инфраструктура да түзүлүүдө. Биз азыр 85 миллион эмес, 350 миллиондук түрк дүйнөсүбүз. Бир туугандар бир болуп калышты. Биз Кастамону муниципалитети катары Түрк дүйнөсүнүн иш-чараларын бир топ комплекстүү кылып Кастамону шаарында Туран курултайын 2 жылдан бери өткөрүп жатабыз. Биз Кастамонуга ылайык келет дедик жана Кастамонуда жасадык. Кудайга шүгүр, мындан ары максатыбызды дагы да көбөйтүп, уланта беребиз. Башталгыч мектептен бери эле айтып келебиз. Энебиздин аты – өлкө, атабыздын аты – мамлекет. Муну айтканда, биз чын жүрөктөн айтабыз. Биздин кызыл чийиндер белгилүү. Биздин ыйык мекенибиз, ыйык мамлекетибиз, ыйык туубуз, ыйык азаныбыз. Ким ага кол салса, биз алардын колун сындырабыз. Ким биздин бутагыбызга тоскоол боло турган болсо, Кудайга ант болсун, алардын дарагын түп тамыры менен жулуп салабыз. Биздин барлыгыбыз улуу элибизге, түрк улутуна белек болсун. Мен түркмүн деген адам кандай бактылуу»,-деди.

 

«МЕКЕНИБИЗ, УЛУТУБУЗ ЖАНА ИДЕАЛЫБЫЗ ҮЧҮН БОЛГОН КҮЧҮБҮЗ МЕНЕН ИШТЕЙЛИ»

Улуттук кыймыл партиясынын төрагасынын билим жана саясат мектебинен жооптуу орун басары Проф. Д-р. Филиз Кылыч болсо мындай кооз жана атмосфералуу чөйрөдө жаштардын толкундануусуна катышкандыгы үчүн бактылуу экенин айтты.

Төраганын орун басары Кылыч сөзүн төмөнкүчө улантты:

«Ушундай кооз жана атмосфералык чөйрөдө абдан толкунданган жаштар менен бирге болгонума абдан кубанычтамын. Мугалим катары жаштар менен чогуу болгонума абдан кубандым. Мен салым кошкондордун баарына, өзгөчө бул иш-чараны уюштурган мэрибизге ыраазычылык билдирем. 350 миллионго жакын калкы менен Түрк дүйнөсүн бириктирүү эң чоң идеалыбыз. Бул үчүн биз көп жылдардан бери күрөшүп келе жатабыз жана мындан ары да ал учун күрөшө беребиз. Акыркы жылдары бул жагынан абдан жакшы кадамдар жасалды. Кастамонуда өткөрүлгөн Түрк дүйнөсү күндөрү биримдикти жана ынтымагыбызды максаттарыбызга тезирээк алдыга жылдыра алышыбыз үчүн абдан баалуу уюмдар.

Бүгүн Кастамонуда Түрк дүйнөсүнүн атактуу кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы өттү. Кыргыздардын бизге мурас кылган эң чоң эки баалуулугу бар. Алар «Манас» эпосу жана Чынгыз Айтматов. Айтматовдун чыгармалары 176 тилге которулуп дүйнө жүзүндө окулуп жатат. Ал бир гана Түрк дүйнөсү эмес дүйнөлүк жазуучу. Анын жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун.

Чыныгы улутчулдар, чыныгы идеалисттер мекени, улуту үчүн колунан келгендин баарын кылууга аракет кылгандар. Мен мугалим катары жаштарыбызга кайрылам. Мекенибиз, улутубуз, идеалыбыз үчүн талыкпай иштейли. Колубуздан келгендин баарын кылганга аракет кылалы. Бул иш-чараларды уюштурууга салым кошкондордун бардыгына дагы бир жолу рахмат».

 

УКМУШТУУДАЙ ЖАБЫЛЫШ

Кастамону шаарынын мэри Оп. Д-р. Рахми Галип Видинлиоглунун жетекчилигинде 23 өлкөдөн келген ырчы бийчи топтор сахнага чыккан 23-Салттык Кастамону Түрк дүйнөсү күндөрү укмуштуудай жабылуу менен аяктады. Республиканын 100 жылдыгына карата уюштурулган жана он миңдеген адамдар Кастамону муниципалитетинин концерттик көрсөтүүлөрү аянтты толтурган элдин купулуна толду.

Үчүнчү күнү иш-чаралар элдердин бийлери жана ырчылардын чыгармаларын аткаруусу менен башталды. Андан соң Алперен Кекиллинин өзгөчө ырлары аянтка толгон эл менен кошо ырдалды. Фейерверк шоусунан кийин «Анадолу атеши» сахналык көрсөтүүсү менен түндүн көркүнө көрк кошту. Түрк дүйнөсүнүн күндөрү популярдуу артисттер Бурак Булут менен Куртулуш Куштун укмуштуудай концерти менен аяктады. Булут менен Куштун ырларын бир ооздон ырдаган шыктанган жаштар, түндүн архитектору мэр Оп. Д-р. Рахми Галип Видинлиоглуна алкыш айтып көпкө кол чаап турушту.

Жабылыш аземинде сөз сүйлөгөн мэр Видинлиоглу жаңы концерттерди убада кылып, калың элдин толкундануусуна абдан ыраазы болгонун айтты.

Үч күн бою талаада активдүү иштеген коопсуздук күчтөрүнө ыраазычылык билдирген мэр Видинлиоглу: «Муниципалитет кызматкерлерибиз да үч күндөн бери чоң аракет көрсөтүштү. Аларга да сиздердин баарыңыздардын алдыңарда ыраазычылыгыгымды билдирем. Сизге чоң рахматымды айткым келет, бүгүн бизди жалгыз калтырган жоксуз»,-деди.

Мэр Видинлиоглу сахнага чыккан бардык өнөрпоздорго такта жана гүл тапшырып, иш-чараларга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Кастамонунун жаратылыш кооздугуна токтолгон мэр Видинлиоглу Түрк дүйнөсү курултайынын максатын дагы бир жолу баса белгиледи.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар