Алиев-Пашинян жолугушуусу

Азербайжандын тышкы иштер министрлиги, жазуу түрүндө маалымат берди.

1986781
Алиев-Пашинян жолугушуусу

Баку Азербайжан жана Армениянын лидерлеринин Бельгиянын борбору Брюсселдеги жолугушуусунун «эки өлкөнүн ортосундагы нормалдашуу процессин алдыга жылдыруу жагынан пайдалуу жана натыйжага багытталганын» билдирди.

Азербайжандын тышкы иштер министрлиги Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Европа Биримдиги (ЕБ) кеңешинин төрагасы Шарл Мишелдин кечээ өткөргөн бешинчи үч тараптуу жыйынына байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Билдирүүдө: «Жолугушууну эки өлкөнүн ортосундагы нормалдашуу процессин алдыга жылдыруу жагынан пайдалуу жана натыйжага багытталган деп эсептейбиз»,-деген сөздөр камтылды.

Тараптардын Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык келишиминин долбоору боюнча макулдашууга жетишүү, чек араларды аныктоо жана транспорттук байланыштарды кайрадан түзүү темасында конкреттүү жыйынтыктарга жетүү максатында кеңири пикир алмашканы белгиленген билдирүүдө: «Азербайжандын аймактагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу боюнча позициясы дагы бир жолу тараптардын назарына алынды. Айрыкча, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн урматтоону ырастоо жана бул контекстте Азербайжандын эл аралык таанылган аймактык бүтүндүгү Армения тарабынан да кабыл алынышы өтө маанилүү.

Жолугушуу ошондой эле жаңжалдан кийинки нормалдаштыруу үчүн негизги гуманитардык маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк берди. Ушул алкакта дайынсыз жоголгон адамдардын тагдырын тактоо жана минадан тазаланып жаткан аймактардагы кадамдарды тездетүүнүн маанилүүлүгү дагы бир жолу баса белгиленди»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар