Азербайжан армиясынан бир аскер шейит болду

Азербайжан-Армения чек арасында кагылышуу болду.

1985399
Азербайжан армиясынан бир аскер шейит болду

Азербайжандын Коргоо министрлиги, Армения күчтөрүнүн чек арада аткан огунан бир аскеринин шейит болгонун кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө, Армения күчтөрүнүн атайын провокациясынын натыйжасында Азербайжан армиясынан Орхан Новрузализаде аттуу аскердин шейит болгону белгиленди.

Азербайжан армиясынын бөлүктөрүнүн жооп кайтарганы жана операциялык шарттардын көзөмөлгө алынганы маалымдалды.

Кечээ кечинде Басаргечер облусунун Зод аймагы багытындагы Армения армиясынын позицияларынан Азербайжан армиясынын позицияларына ок атылып, бир аскер оор жаракат алган.

Андан соң Азербайжан армиясы жооп кайтарып, оор куралдар жана минометтор да колдонулган кагылышуу башталган болчу.



Тектеш кабарлар