Армения-Азербайжан чек арасында кагылышуу

Армения армиясы аткан октон бир азербайжан аскеринин башынан жараланганы билдирилди.

1985063
Армения-Азербайжан чек арасында кагылышуу

Азербайжандын Коргоо министрлиги, чек арада армян күчтөрү менен кагылышуу болгонун кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө, кечээ кечинде Басаргечер облусунун Зод аймагындагы армян армиясынын позицияларынан Азербайжан армиясынын позицияларына ок атылганы айтылды.  

Армения армиясы аткан октон бир азербайжан аскеринин башынан жараланганы билдирилди.

Армян күчтөрүнүн эскертүүлөргө карабастан ок атууну улантканына байланыштуу Азербайжан аскерлеринин керектүү кийлигишүү чараларды көргөнү белгиленди.

Министрликтин башка бир билдирүүсүндө да, Армения армиясынын Азербайжан армиясынын позицияларына оор куралдар жана минометтор менен ок атууну улантканы маалымдалды.

Армения басма сөзүндө орун алган кабарда болсо кагылышууда 3 армян аскеринин жараланганы белгиленди.



Тектеш кабарлар