Илхам Алиев Шушада улутка кайрылды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Азербайжанды  стратегиялык Ортоңку коридор  долбоорунун тышында калтырууну каалагандардын каалоосу орундалбай тургандыгын айтты.

1984869
Илхам Алиев  Шушада улутка кайрылды

 Азербайжандын президенти Илхам Алиев Азербайжанды  стратегиялык Ортоңку коридор  долбоорунун тышында калтырууну каалагандардын каалоосу орундалбай тургандыгын айтты.

Алиев Азербайжандын  мурдагы президенти жана улуттук лидери Гейдер Алиевдин төрөлүшүнүн 100 -  жылында Карабахтын символ шаары Шушадан улутка кайрылды.

Гейдер Алиевдин Азербайжанда урмат  - сый менен эскерилгендигин белгилеген президент Алиев улуттук лидердин өмүрү жана аткарган иштеринен, Азербайжан үчүн жасагандарынан сөз кылды.

Азербайжандын бүгүн жүргүзүп жаткан саясаттарынын пайдубалын Гейдер Алиевдин түптөгөндүгүн баса белгилеген президент Алиев : «Бүгүн Азербайжан Евразиянын транспорт борборлурунун бирине айланды. Гейдер Алиев мезгилинде Азербайжанда «Европа  -  Кавказия  -  Азия Эл аралык транспорт коридору» деген темада чоң эл аралык конференция өткөрүлгөн.  Бүгүн «Ортоңку коридор» деп аталган долбоордун пайдубалы ошол учурда түптөлдү. Тактап айтканда бул коридордун Азербайжан жерлеринен өтүшү ал жылдарда белгиленген. Айрымдары муну каалаган эмес. Тилекке каршы бүгүн да каалабагандар бар. Азербайжанды бул стратегиялык долбоордун тышында калтырууну каалагандардын каалоосу орундалбайт»,- деди.



Тектеш кабарлар