Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери жолугушат

Армениянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ани Бадалян маалымат берди.

1984929
Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери жолугушат

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян 19-май жума күнү борбор шаар Москвада Орусиянын кожоюндугунда жолугушат.

Орусиянын ТАСС маалымат агенттигине билдирүү жасаган Армениянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ани Бадалян, Орусиянын чакыруусунда Байрамов менен Мирзояндын келерки аптада Москвада жолугушарын айтты.

Бадалян белгилегендей, эки министр тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү улантат.

Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери 1-4-майда борбор шаар Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин кожоюндугунда жолугушкан.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын да 14-майда Бельгиянын борбору Брюсселде жолугушуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар