Алиев: "Армения өз милдеттенмелерин аткарбай жатат"

Алиев жолугушууларды өткөрүү үчүн борбор шаар Бакуга барган Франциянын Европа жана тышкы иштер министри Кэтрин Колоннаны кабыл алды.

1980297
Алиев: "Армения өз милдеттенмелерин аткарбай жатат"

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениянын өз милдеттенмелерин аткарбаганын айтты.

Алиев, жолугушууларды өткөрүү үчүн борбор шаар Бакуга барган Франциянын Европа жана тышкы иштер министри Кэтрин Колоннаны кабыл алды.

Азербайжандын Президенттигинин билдирүүсүнө караганда, кабыл алууда Армения менен карым-катнаштарга токтолгон Алиев, 2-Карабах согушунан кийин дароо Армения менен эки тараптуу түрдө бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн таанып, тынчтык келишимин түзүүнү жана Ереванга расмий түрдө 5 негизги принципти сунуштаганын эске салды.

Президент Алиев: «Армения өз милдеттенмелерин аткарбай эле. Армения Нахчыван менен коридор түзүүгө жол бербей, орус бейпилдик күчтөрү убактылуу жайгаштырылган Азербайжандын аймагынан аскерлерин чыгарбай жатат»,-деп айтты.

Армяндардын Карабахка курал-жарак жана башка аскердик техникаларды ташуу үчүн Лачын коридорун колдонгондорун белгилеген Алиев: «Лачын-Ханкенди жолунун башталышында чек ара бекетинин түзүлүүсү, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн жана аймактык бүтүндүгүнүн көрүнүшү болуп саналат»,- деди.

Француз министри Колонна болсо Франция катары Азербайжан жана жалпы эле Түштүк Кавказ аймагында тынчтык, экономикалык жана социалдык өнүгүүнү каалагандарын, өлкөсүнүн ар дайым муну максат кылганын айтты.



Тектеш кабарлар