Казакстанда билим берүү жана транспортко кар тоскоол болууда

Тынымсыз жааган кардан улам жол кыймылы басаңдаган Астанада мектептерде дистанттык билим берүү башталды.

1976076
Казакстанда билим берүү жана транспортко кар тоскоол болууда

Дем алыш күндөрү башталган жана Казакстандын борбору Астанада уланган калың кар жашоону токтотту.

Шаарды кардан тазалоого миңден ашык техника жана 2 миңден ашык кызматкерлер аракет кылууда.

Тынымсыз жааган кардан улам жол кыймылы басаңдаган Астанада мектептерде дистанттык билим берүү башталды.

Астананын ИИМи акыркы суткада жолдордо 144 жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркаганын билдирди.

Борбор калаада жааган кар эртеңкиге чейин уланып, 19-апрелден тарта абанын температурасы кескин жогорулай турганы белгилүү болду.

Аба ырайына байланыштуу өлкөдө 15 унаа жолу кыймылга жабылды.

Астана Билим  башкармасынын билдирүүдө аба ырайына байланыштуу башталгыч, орто, лицей жана жогорку окуу жайлардын 1- жана 2-курстарында окуу убактылуу токтотулганы айтылды.

Астанадагы «Нурсултан Назарбаев» атындагы эл аралык аэропортто айрым каттамдар кармалып, ал жерде да транспорт үзгүлтүккө учурады.



Тектеш кабарлар