Чавушоглу азербайжандык кесиптеши менен сүйлөштү

Бул тууралуу Дипломатиялык булактардан маалымат берилди.

1973993
Чавушоглу азербайжандык кесиптеши менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжан-Армения чек арасында чыккан кагылышууда Азербайжан армиясынын 3 аскеринин шейит болушунан кийин Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамовго телефон чалып, көңүл айтты жана тилектештигин билдирди.

Дипломатиялык булактардан алынган билдирүүдө,«Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ болгон армян чагымдарынан кийин Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовго телефон чалып, жакшы каалоолорун жана шейиттер үчүн көңүл айтты»,деген маалымат орун алды.

Билдирүүдө Чавушоглу Түркия менен түрк элинин Азербайжанды толук колдой турганын баса белгилегени белгиленди.



Тектеш кабарлар