Азербайжан менен Ирандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, министрлер эки өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн сыйлай тургандыктарын өз ара билдиришти.

1971931
Азербайжан менен Ирандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян телефон аркылуу сүйлөштү.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, министрлер эки өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн сыйлай тургандыктарын өз ара билдиришти.

Министрлер эки өлкөнүн ортосундагы нааразычылыктарды жана пикир келишпестиктерди кеңири талкуулап жатып, пикир келишпестиктерди чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Анда Азербайжан менен Ирандын ортосунда болгон долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашылды.

Байрамов ирандык кесиптешине Азербайжандын улуттук кызыкчылыктарына негизделген көз карандысыз тышкы саясатын жана аймак өлкөлөрү менен эки тараптуу карым-катнаштарын урматтоо маанилүү экенин билдирди.

Министрлер өз ара байланыштарды сактоо маанилүү экенин белгилешти.



Тектеш кабарлар