Эртугрулоглу: «Күн келгенде ТКТР байкоочу мүчөлүктөн Түрк Мамлекеттер Уюмуна толук мүчөлүккө өтөт»

Бейшемби күнү баш калаа Анкарада өткөрүлгөн ТМУнун кезексиз саммитине катышкан Эртугрулоглу, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын саммитте байкоочу мүчө болушуна байланыштуу Анадолу агенттигине баа берди.

1961851
Эртугрулоглу: «Күн келгенде ТКТР байкоочу мүчөлүктөн Түрк Мамлекеттер Уюмуна толук мүчөлүккө өтөт»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу, күн келгенде ТКТР байкоочу мүчөлүктөн Түрк Мамлекеттер Уюмуна (TМУ) толук мүчөлүккө өтө турганын айтты.

Бейшемби күнү баш калаа Анкарада өткөрүлгөн ТМУнун кезексиз саммитине катышкан Эртугрулоглу, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын саммитте байкоочу мүчө болушуна байланыштуу Анадолу агенттигине баа берди.

Эртугрулоглу, ТКТРдин конституциялык аты жана желеги менен ТМУда болушунун абдан маанилүү экенин айтып: «Бул биз үчүн абдан баалуу, абдан маанилүү, абдан тарыхый мүчөлүк»,-деди.

ТМУнун тышкы иштер министрлер саммитине катышканын эске салган Эртугрулуоглу: «Ошондой эле, бул мүчөлүктү кабыл албаган коомчулуктун, айрыкча Кипрдин Рум тарабынын колдоочусунун бул мүчөлүктү токтотуу аракети күчөп жатканын билебиз, бирок бул мүмкүн эмес. Бул мүчөлүк ишке ашты жана уланат жана күн келип, байкоочу мүчөлүктөн толук мүчөлүккө өтүү болот»,-деп айтты.

Эртугрулоглу, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын желеги менен саммитте орун алгандан кийин рум басма сөзүндө орун алган кабарга токтолуп: «Бул биз үчүн таң калыштуу эмес, бирок мынчалык көп мүчө-мамлекеттер турганда көңүл бурсаңар, алар Венгриядан түшүндүрмө гана сурашты. Биринчиден, румдар биздин катышуубузга ыңгайсыз экенин айткым келет»,-деди.

Дүйнөнүн румдарды эркелеткенин баса белгилеген Эртугрулоглу, рум тараптын «Кипр түрктөрүнүн тең мамлекеттүү эл экенин эч качан кабыл алгысы келбегенин» эске салды.

Эртугрулоглу, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түрк Мамлекеттер Уюмуна байкоочу мүчө болушун «таанылууга карай жасалган кадам» катары баалагандарын айтты.



Тектеш кабарлар