Илхам Алиев Франциянын колонизаторлукту улантуусун сынга алды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлгөн Блокторго кошулбоо кыймылынын Ковид-19 байланыш тобунун саммитинде сөз сүйлөдү.

1953933
Илхам Алиев Франциянын колонизаторлукту улантуусун сынга алды
aliyev baglantisizlar hareketi1.jpg
aliyev baglantisizlar hareketi.jpg

 

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Франциянын колонизаторлукту улантуусун сынга алды.

Алиев Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлгөн Блокторго кошулбоо кыймылынын Ковид-19 байланыш тобунун саммитинде сөз сүйлөдү.

Кошулбоо кыймылы катары адилеттикти жана эл аралык укукту коргогондорун белгилеген Алиев, эпидемия мезгилинде кээ бир бай өлкөлөрдүн «вакцина улутчулдугунун» Ковид-19 менен күрөшүүдө олуттуу тоскоолдуктарды жаратканын айтты.

Эл аралык укуктагы көйгөйлөр жана коррупцияга токтолгон Алиев эгемендүүлүк менен аймактык бүтүндүктүн бузулушу, мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү күчөгөнүн баса белгиледи.

Алиев дүйнөдө неоколониализм тенденциясы күчөгөнүн белгилеп: «Блокторго кошулбоо кыймылы Франциянын колониялык үстөмдүгү астында калган Майот аралынын үстүнөн Комор аралдарынын талашсыз суверенитетин ар дайым чечкиндүү түрдө колдоп келет. Биз Франциянын өкмөтүн Жаңы Каледониянын элинин жана башка элдердин укуктарын урматтоого чакырабыз. Франциянын чет өлкөлөрдөгү жамааттарында жана аймактарында Франциянын колониялык империясынын коркунучтуу калдыктары бар. Биз Францияны Африкадагы, Түштүк-Чыгыш Азиядагы жана башка жерлердеги блокторго кошулбоо кыймылынын өлкөлөрүнө каршы өзүнүн колониялык өтмүшү, кандуу колониялык кылмыштары жана геноциддик актылары үчүн кечирим суроого жана жоопкерчиликти мойнуна алууга чакырабыз»,-деп айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде реформалардын жасалышы керектигин баса белгилеген Алиев : «БУУнун туруктуу мүчөлөрүнүн саны көбүрөөк өлкөнү камтышы жана географиялык жактан дагы адилеттүү болушу керек. Бул орун блокторго кошулбоо кыймылына жана мөөнөттүү президенттик кызматты ээлеп турган өлкөгө берилиши керек»,-деп өз пикирин бөлүштү.

Жыйынга Алиевден тышкары Түркмөнстан, Өзбекстан, Ирак жана Ливиянын президенттери, Босния-Герцеговинанын Президенттик кеңешинин төрагасы, Куба, Габон жана Танзаниянын вице-президенттери, Алжир жана Кениянын премьер-министрлери катышты.

Саммитке Бириккен Улуттар Уюмунун 77-Башкы Ассамблеясынын төрагасы Чаба Көрөси, Дүйнөлүк Туризм Уюмунун башкы катчысы Зураб Пололикашвили, Эл аралык миграция уюмунун башкы директору Антонио Виторино, БУУнун Женева кеңсесинин башкы директору Татьяна Валовая жана Экономикалык кызматташтык уюмунун башкы катчысы Хусрав Нозири катышты.



Тектеш кабарлар