Орто Азия - АКШ Тышкы иштер министрлеринин саммити

Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Энтони Блинкен менен жолугушту.

1953089
Орто  Азия  -  АКШ Тышкы иштер министрлеринин саммити

Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов Казакстандын борбор шаары Астанада өткөн Орто Азия  -  АКШнын Тышкы иштер министрлеринин саммитинин негизинде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту.

АКШ өкмөтүнүн расмий веб сайтынан берилген маалыматка ылайык, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Түркмөнстан менен АКШнын ортосундагы 30 жылдан ашуун убакыттан бери уланып келе жаткан өнөктөштүктүн сыймыктандыруучу экендигин айтып, Түркмөнстан менен аймактык коопсуздук, климаттын өзгөрүшү, адамдар үчүн күчтүү экономика, терең демократиялык баалуулуктар тууралуу күрөшүү үчүн бирдикте дагы көп аракет кылууну каалагандарын белгиледи.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Мередов да бул саммиттин Түркмөнстан менен АКШнын ортосундагы кызматташуунун кеңейтилишин сүйлөшүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк болгондугун айтты.

Мередов  эки өлкөнүн ортосунда абдан жакшы кеңешүү механизминин бар экендигин жана мындай кеңешүүлөрдүн жакын арада кайра өткөрүлүшү менен эки тараптуу карым  - катнштар жана аймактык коопсуздук темаларын кенен түрдө карап чыга алышарын билдирди.



Тектеш кабарлар