Алиев Лавровду кабыл алды

Президент Алиев Орусия менен карым-катнаштарынын жакшырганын айтты.

1952663
Алиев Лавровду кабыл алды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түштүк Кавказда тынчтыкты орнотуу үчүн Армения тарап жана Орусия менен конструктивдүү иштешүүгө чечкиндүү экендиктерин билдирди.

Азербайжандын президенттигинин маалыматына караганда, кечээ борбор шаар Бакуга сүйлөшүү үчүн барган Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алган Алиев, Лавровдун сапарынын Орусия менен Азербайжандын ортосунда 2022-жылдын 22-февралында кол коюлган «Союздаштык ишмердүүлүгү жөнүндөгү декларациянын» бир жылдыгына арналганын айтты.

Президент Алиев Орусия менен карым-катнаштарынын жакшырганын, абдан маанилүү маселелердин чечилгенин, быйылкы жылды жакшы пайдубал менен баштагандарын, Лавровдун сапары эки өлкөнүн карым-катнаштарына өзгөчө динамика алып келерин белгиледи.

2023-жылдын Азербайжан менен Армениянын ортосундагы карым-катнаштардын нормалдашуусуна карата жылыш жылы болушун каалаган Алиев, бул процесске активдүү катышканы үчүн орус өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Орусия менен Азербайжандын ортосундагы союздаштык карым-катнаштардын өнүгүшүнө чоң маани бергенин баса белгилеген Сергей Лавров да: «Аймактык коопсуздук эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерибизде абдан актуалдуу тема бойдон калууда. Биздин көптөгөн эл аралык кесиптештерибиз Азербайжан менен Армениянын ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруу үчүн прогресс шарттарын түзүүгө абдан кызыкдар. Путин айткандай, биз кырдаалды турукташтырууга жана бул аймактагы бардык өлкөлөрдүн өз ара урматтоонун негизинде кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди кубаттайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар