Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

Бердымухамедов президент Эрдоганга жолдогон куттуктоосунда ага ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалады.

1952078
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Режеп Таййип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады.

«Түркмөнстан» гезитинин кабарына караганда, Бердымухамедов президент Эрдоганга жолдогон куттуктоосунда ага ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалады.

Бердымухамедов куттуктоосунда президент Эрдогандын Түркмөнстан менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштардын өнүгүшүнө чоң салым кошконун белгилеп: «Биз түптөгөн эки тараптуу достук жана бир туугандык мамилелерибизди жогору баалайбыз. Бул келечекте эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыктарына ылайык мындан ары да өнүгөт деп ишенебиз»,-деди.

Ошондой эле Түркмөнстандын Элдик Кеңешинин төрагасы Гурбангули Бердымухамедов да президент Эрдоганды туулган күнү менен куттуктап, Түркмөнстан-Түркия кызматташтыгына кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

1954-жылы 26-февралда туулган президент Эрдогандын туулган күнү кечээ социалдык медиа платформаларында миңдеген билдирүүлөр менен белгиленди.

Орусиянын президенти Владимир Путин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Сербиянын президенти Александр Вучич да телефон аркылуу президент Эрдоганды туулган күнү менен куттукташкан.



Тектеш кабарлар